Бишкекте кылымыштуу баңги тобунун 12 мүчөсү кармалды. Арасында чет элдик жарандар да бар (видео)

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 3 баңгизат лабораториялары жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, "Манас" бажысынын, Ички иштер министрлигинин, УКМКнын кызматкерлери баңгизатын чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга жеткирип жана сатып жаткан туруктуу каналды түзгөн трансулуттук баңги тобун аныктап, алардын ишине бөгөт коюшту.

“11 Кыргызстандын, 1 Орусиянын жараны кармалды. Алардын алтоо уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү болуп саналат. Учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алар уюштурган үч баңги лаборатория жоюлуп, Кыргызстанга баңгизат жеткирүүчү эл аралык канал жабылды. Ошондой эле органикалык баңгизаттарды саткан интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгү токтотулган. Бул интернет дүкөндүн негиздөөчүсү жана куратору кармалды. 10 килограммдан ашык марихуана («бүчүрлөр»), 75 бөтөлкө гашиш майы, гидропондук ыкма менен өстүрүлгөн 38 гибрид кара куурай бадалдары, баңги лабораториясынын жана интернет-дүкөндүн ишмердигинде колдонулган ар кандай буюмдар, техникалык жабдуулар алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, алынган баңгизаттын наркы алдын ала эсептөөлөр боюнча 50 миллион сомду түздү.

Бишкекте кылымыштуу баңги тобунун 12 мүчөсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан