Жалал-Абадда баӊгизат менен алектенген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милдиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-майда Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Натыйжада, жалпы салмагы 8,33 граммды түзгөн өзгөчө кескин жыты бар (гашиш) баңгизатын сатып өткөрүп, мыйзамсыз аракеттерге барган А.И. жана Б.Э. аттуу жарандар аныкталып, алынган баӊгизатка карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
Шектүү делген Сузак районунун 1977-жылы туулган Б.Э. жана Жалал-Абад шаарынын 1987-жылы туулган А.И. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.