Аскер комиссариатынын офицери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Кабарлангандай, 11-майда атайын кызмат Аскер прокуратурасы менен биргеликте аскер комиссариатынын А.Р. аттуу офицерин пара алып жаткан жеринен кармаган.
Анын кызмат өтөгөн жерин тинтүүдө акча каражаттары жана аскерге милдеттүүлөр үчүн колдонулган гербдүү мөөр басылган бош бланктар табылган.
УКМК кармалган шектүү тергөө жүрүп жаткандыктан тергөө абагына киргизилгенин кошумчалады.