Эртең, 15-майда аймактарда жаан жаабайт, өлкөнүн түштүк жергесинде жана борбор калаада абанын температурасы +36 градус ысык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Абанын температатурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13… +18, күндүз +31… +36,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10… +15, күндүз +28… +33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад жергесинде түнкүсүн +14… +19, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +9… +14, күндүз +23… +28,
Нарында түнкүсүн +3… +8, күндүз +25…+30.
Бишкек шаарында түнкүсүн +15…+17, күндүз +34…+36 градус болот.