“Трентино-2013” Бүткүл дүйнөлүк Кышкы Универсиада оюндарында командалык эсепте Орусия 1-орунду ээледи

21-декабрда Италиянын Трентино шаарында Бүткүл дүйнөлүк Кышкы Универсиада оюндары аяктап, анда Орусия курама командасы командалык эсепте жеңүүчү аталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-ирет өткөрүлүп жаткан Кышкы Универсиадада 12 спорт түрү боюнча 78 комплект медаль ойнотулган. Ага 51 мамлекеттен 1700 спортчу катышканын кошумчалай кетели.

Мелдеште орусиялык спортчулар 15 алтын, 16 күмүш жана 19 коло медаль тагынып, командалык эсепте Орусиянын 1-орунду ээлөөсүн шарттады. 2-орунду Польша курама командасы ээлесе (10 алтын, 10 күмүш, 3 коло), 3-орунду Түштүк Корея багынтты (8 алтын, 9 күмүш, 7 коло).

Эске салсак, бул жолку Универсиадага Кыргызстан катышкан жок. Мунун себеби, спортчулар “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына даярданууну туура көргөнү менен түшүндүрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан