Биз социалдык тармакта

Кыргыз спорту оор жоготууга учурады. Эмгек сиңирген машыктыруучу Руслан Искенов дүйнө салды

13-майда Кыргыз ССРинин 12 жолку жана студенттер арасында СССРдин 2 жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Руслан Искенов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ал 1966-жылдан тартып 1972-жылга чейин Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин республикалык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде директор болуп иштеген.

1972-жылдан тартып 1981-жылга чейин Крупская атындагы республикалык спорт багытындагы мектеп-интернатынын директорунун орун басары болуп иштеген (азыркы Ш. Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжи).

1989-жылдан тартып Республикалык самбо федерациясын жетектеген.

1995-жылы Дүйнөлүк самбо федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган. Анын тарбиялануучулары дүйнө жана Азия чемпиондуктарында ийгиликтүү чыгышкан.

Руслан Искеновго 1993-жылы дене тарбия жана спорт чөйрөсүнө зор салымы үчүн “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган. Ошондой эле 1997-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

SUPER.KG порталынын жааматы Руслан Искеновдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан