Биз социалдык тармакта

Ошто көзү азиз жана көрүүсү начар балдар жаңы китептер жана окуу куралдары менен камсыздалды 

Ошто көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын адистештирилген мектеп-интернатына материалдык жардам катары методикалык колдонмолор, көркөм адабий китептер жана окуу куралдары тапшырылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, билим берүү мекемеси физика, биология, химия, география сабактарында практикалык жана лабораториялык иштерди жүргүзүү, башталгыч класстарда Брайль ыкмасы менен жазуу жана окуунун негиздерин үйрөтүү үчүн жалпы 59дан ашык ар түрдүү окуу куралдары менен толукталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп-интернаттын окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан