
Баткенде "Алдамчылык" беренеси боюнча издөөдө жүргөн шектүү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү Баткен шаарынын 35 жаштагы тургунунун ишеничине кирип, анын Опел Астра үлгүдөгү унаасын 140 миң сомго баалап, "акчаңды 3 айдын ичинде кайтарып берем" деген убадасы менен алган. Бирок ал былтыркы жылдын 7-майынан бери изин жашырып жүргөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүүнү издөө иши башталган.
"Издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 25 жаштагы М.Б. аттуу тургуну Бишкектен кармалып, Баткен шаарына алып келинди. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.