Бишкекте күчтүү психотроптук каражаттарды сатууга шектелип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Свердлов районунун аймагында белгисиз адамдар уруксаты жок күчтүү психотроптук каражаттарды сатып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар түшкөн.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде 2003-жылы туулган Б.А., 1997-жылы туулган К.М., 1999-жылы туулган К.М., 2001-жылы туулган С.И. аттуу жарандар айтылган дары-дармектерди сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалышкан.
Маалымдалгандай, алардын жанынан 2 миң 737 даана дары-дармектер табылып, жалпы 1 миллион сомдон ашык суммага бааланган.
"Суракта шектүүлөр дары-дармектерди А. аттуу жарандан 300 сомдон 500 сомго чейин сатып алып, андан кийин кайра 700 сомдон сатууну көздөшкөнүн айтышты", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.