"Иракта даярдыктан өткөн". УКМК террордук уюмдун согушкерин кармады

Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «ИГ» эл аралык террордук уюмунун согушкерлеринин бири, 1993-жылы туулган Кыргыз жараны М.У. кармалган.

"Аталган жаран чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө жумушка алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен.

Ирактын Мосул шаарындагы логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин ЭТУ тарабынан Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан