Биз социалдык тармакта

Араванда мыйзамсыз берилген жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Араванда мыйзамсыз берилген жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Башкы прокуратурасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Араван райондук сотунун чечими менен Нур-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз түрдө Б.Б. аттуу жарандын жеке менчигине бекитилип берилгендиги аныкталган. Ага байланыштуу соттук актынын негизинде Кадастр мамлекеттик мекемесинин Араван райондук филиалы тарабынан жогорудагы жарандын наамына жер тилке катталып, идентификациялык сан ыйгарылгандыгы белгилүү болгон.

"Прокуратура жер тилкени кайтаруу максатында апелляциялык сунуш келтирип, анын негизинде Араван райондук сотунун мыйзамсыз чечими жогорку соттук инстанцияларда жокко чыгарылып, 2 миллион 500 миң сомго бааланган 1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Ал эми тергөө амалдары УКМК тарабынан жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2024-05-15 16:40:00
Ата түрк паркы боюнча бийликтин аракетинен айрымдар жапа чегип жатса, аны көргөн кээ бир адамдар өзүн абдан жакшы сезип, ырахат алып жатыша . Бийлик элди бай-кедейге бөлүп, абалды курчутпаш к-к. Үйлөрдү бузууну талап кылгандар сейил бакка деле боору оорубайт, өздөрү да сейил бакка барышпайт, жөн гана үйлөрдүн ээлеринин азабынан ырахат алууну каалап жатышат чынында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан