Ак-Талаадагы суу сактагычка бир туугандары менен барган жаран чөгүп кетти

Ак-Талаа районунда жайгашкан суу сактагычка бир жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Нарын ОИИБинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-майда милицияга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирүү түшкөн. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 15:50 чамасында Терек айылында жайгашкан суу сактагычка бир бала чөгүп кеткени кабарланган.

Аталган окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган.

"Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Баетов айылынын 1990-жылы туулган тургуну саат 14:00 чамасында 1992-жылы жана 1997-жылы туулган бир тууган инилери менен аталган суу сактагычка сууга түшүү үчүн барганын аныкташты. Натыйжада ал сууга чөгүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле милиция учурда издөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан