УКМК: "Чет элдик жарандар фирмалык кийимдерди документи жок тигишкен"

Кечээ, 15-майда Бишкекте шаарындагы тигүү цехтеринде мыйзамсыз иштеген Пакистандын 28 жараны аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, алардын Кыргызстандагы визасынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен. Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-05-16 12:26:00
Бишкек менен Ошко толуп кетишти, келечекте өзүбүздүн башыбызга муш болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан