Бишкекте Ford Focus унаасын айдай качкан жаран Чүйдөн кармалды

Бишкекте унааны мыйзамсыз айдап качууга шектелген жаран Чүйдөн кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-майда милицияга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Бөкөнбаев көчөсүндө токтоп турган Ford Focus үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, 1988-жылы туулган К.И. аттуу жаран Чүй облусунан кармалып, тергөөгө жеткирилген. Ал эми уурдалган унаа айып короого токтотулган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан