
Бишкекте курулуш объектисинен электр тогун өткөрүүчү жез зымдарды уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-майда милицияга К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 4-май күнү Айтматов кең көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинен баасы 700 миң сомду түзгөн электр тогун өткөрүүчү жез зымдар уурдалганын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишине шектүү катары 1997-жылы туулган Э.М. жана 1993-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда алардын башка кылмыш иштерин жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.