Бишкекте интернет сайты аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана аныкталды 

Бишкекте сойкукана уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жеке адамдар тарабынан интернет сайты аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана аныкталды.

16-майда жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.К.Ш аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"М.К.Ш. сойкукана уюштуруу боюнча кылмыш ишинин мурда жеткиликтүү болгон материалдарында негизги айыпталуучулардын бири болуп тергөөдөн жашырынып жүргөн, ошол эле учурда ал сотто көрсөтмөлөрдү бурмалоо менен кылмыштагы шеригин актоо үчүн башка күбөлөрдү да жашырган.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө жарандарды эркинен тышкары күч колдонуп кармап, ур-токмокко алып, денесине залал келтирем деп коркуткандыгы тууралуу да маалыматтар алынган", - деп айтылат билдирүүдө.

УКМК сойкулукка тартуу жана интимдик жайларды уюштуруу боюнча мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан