Интернет желелеринде мушташып жаткан адамдар тартылган видео тарады. Соцтармактарда жазылган маалыматка ылайык, окуя Бишкек шаарындагы хостелдердин биринде болгон.
Бул боюнча Свердлов РИИБи маалымат берип, окуя 13-майда болгонун билдирди. Анда мушташ хостелдин конокторунун ортосунда чыккан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Окуянын бардык катышуучулары Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, алар арыз жазышкан.
Азыркы учурда керектүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Видео: Сейчас.кж