Бишкекте велосипед уурдаган адам кармалды

Бишкекте велосипед уурдоого шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Маалыматты Свердлов РИИБи билдирди.

Ага ылайык, 9-апрелде милицияга жаран кайрылып, 17 миң сомдук велосипедин Жумабеков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги кире беришинен уурдап кетишкенин айткан. Ошондой эле белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча 205-берене (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөдө шектүү велосипедди тапшырып берген. Мындан тышкары анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан