Жалал-Абад шаарында чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн коӊшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, облус аймагында өтүп жаткан "Экстремист" аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы учурунда “Өзбекстан мамлекетинин А. аттуу жараны Жалал-Абад шаарынын аймагында мыйзамсыз жүрөт” деген маалымат алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында шектүү катары 1982-жылы туулган У.А. аттуу Өзбекстандын жараны аныкталып, Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, Жалал-Абад шаарында жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү У.А. Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан 2023-жылдын август айынан тарта оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү жана ал буга чейин соттолгондугу такталган.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.