Кыргыз-Түрк социалдык коргоо министрлери кызматташууну талкуулашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түркиянын үй-бүлө жана социалдык кызмат боюнча министри Махинур Өздемир Гөкташ менен жолугушту. Бул жөнүндө министрлик бүгүн, 17-майда билдирди.

Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмунун социалдык саясат боюнча министрлеринин биринчи жыйынынын алкагында өткөн.

"Коомдун туруктуулугу көп жагынан үй-бүлөнү, эне-бала институтун, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо деңгээлинен көз каранды жана бул багытта Кыргызстанда чоң иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин министрлик Түркия менен кызматташууга, анын ичинде Үй-бүлө академиясы, аялдардын ишкердиги, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана майыптыгы бар адамдарды колдоо сыяктуу долбоорлор боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар", - деген анда Баатырова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан