Бишкек-Нарын-Торугарт ички унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен унаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Чүй ЖКККБдан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 16-майда болжол менен саат 19:00 чамасында “Бишкек-Нарын-Торугарт” ички унаа жолунун 21-чакырымынан Xundai Sonata үлгүсүндөгү унаа 2009-жылы туулган М.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Ага ылайык, жөө жүргүнчү Ысык-Ата районунун Кант шаарынын аймактык ооруканасына кайрылган.
“Xundai Sonata үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.