Хизбут-Тахрир аль Ислами диний экстремисттик уюмунун активдүү лидерлери жана мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Чүй ОИИБинин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш ишин тергеп келген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 15-майда Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында жашаган Кыргызстандын аймагында тыюу салынган Хизбут-Тахрир Аль Ислами диний экстремисттик уюмунун активдүү лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн даректеринде тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Натыйжада ар кандай экстремисттик мазмундагы материалдар, уюлдук телефондор, электрондук жабдыктар алынып, аталган диний экстремисттик уюмдун активдүү 4 лидери жана мүчөлөрү кармалып камакка алынды.
Учурда алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.