Бүгүн, 17-майда борбор калаада чет өлкөлук жарандар арасында миграция багытында ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жашап жана эмгектенип жаткан 29 чет өлкөлүк жаран Ички иштер башкармалыгына жеткирилип, мыйзам чегинде административдик протоколдор түзүлгөн.
“Жалпы суммасы 159 миң 500 сомду түзгөн айып пул салынды. Мындан тышкары чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаардык милициясы борбор калаада жайгашкан чет элдик жарандардан миграциялык мыйзамдарды так сактоону суранат жана аны аткарбаган учурда жоопкерчиликке тартыларын эскертет.