Кемин районундагы стоматологиялык клиниканын директору кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, стоматологиянын М.Т. аттуу директору өзүнүн башкы эсепчиси Б.С. жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Н.С. менен сүйлөшүп алып, стоматологиялык клиниканын мурда иштен бошотулган кызматкерлерине билдирбестен Кемин районунун банктарында алардын атына эсеп ачып, эмгек акысын төлөп берүү шылтоосу менен 2017-2023-жылдар аралыгында акча каражаттарын которуп, накталай акчага айландырган.
"Маселен, М.Т. өзүнүн жакын туугандарын, кызын жана жубайын жумушка тариздеп, аларга эмгек акы эсептелинген, бирок иш жүзүндө алар иштеген эмес. Алдын ала мамлекеттик бюджетке 5 миллион сомго жакын зыян келтирилген.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Т. кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.