Таласта жол тескөөчүлөр опузалап пара алууга шектелүүдө

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери опузалап пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-март Таластын Айтматов районунун тургуну арыз менен кайрылган, Ал 21-мартта “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасын айдап бара жатканда Айтматов РИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тобунун кызматкерлери токтотуп, тиешелүү категориясы жок экендигин айтышып, протокол түзүп, автоунаасын айып короосуна киргизишкенин билдирген. Бирок аталган факт Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизилбей, арыз ээси 15 миң сомду ЖКККТнын кызматкерлерине бергендиги жана анын атында 15 миң сомдук айып пул жок экени такталган.

Бул фактыны ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштирген учурда Айтматов РИИБинин ЖКККТнын улук тескөөчүсү А.Т. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 187-беренесинин негизинде (Белгиленген ылдамдыктан 10-чакырымдан ашуун, бирок 20-чакырымдан ашпаган) укук бузуу протоколун түзүп, 300 сом айып пул төлөнгөндүгү, ал эми арыз ээсинин уюлдук телефонуна тартылган ошол эле протоколдун көчүрмөсүнүн токтомунда 15 миң сом айып салынып тургандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иш козголгон.

16-майда Айтматов РИИБинин ЖКККТнын улук инспектору А.Т. жана инспектору Э.Ж. экөө 15 миң сомду Кызыл-Адыр айылында жайгашкан май куюучу жайдан ортомчу аркылуу ээсине кайтарып берген жеринен кармалган.

Кылмыш жасоого шектүү катары А.Т. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кызматкерлер 21 миң сом акчасын алып койгондугу тууралуу дагы бир жаран арыз менен кайрылып, текшерүү иштери уланууда.

"Ички иштер министрлиги ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантат. Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулууда", - деп айтылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан