Пакистандын Исламабад шаарында өтүп жаткан "CAVA Voleyball Nations League" турниринде волейбол боюнча Кыргыз курамасы коло байге утту.
Үчүнчү орун үчүн бүгүн, 17-майда өткөн беттеште кыргызстандык волейболчулар Шри-Ланканы 3:1 эсебинде утуп алышты.
Ал эми финалда учурда Түркмөнстан менен Пакистан курама командалары беттешүүдө.