Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, 16-май күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Октябрь РИИБинин улук ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты С.у.Б. жана ыкчам кызматкер, милициянын улук лейтенанты М.М.Б. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышкан.
"Тергөөнүн жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери жасалма факты боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Өзбекстандын жаранынан акча талап кылгандыгы аныкталды.
Кармалган кызматкерлер кылмыш-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.