"Жеңүү оңой эле". Ислам Махачев Конор Макгрегор менен беттешүүгө даяр экенин айтты

Жеңил салмактагы UFC уюмунун чемпиону Ислам Махачев ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен мүмкүн болгон беттеши тууралуу билдирүү жасады.

Shadow Lion "Pound 4 Pound" подкастына берген маегинде орусиялык мушкер Конор Макгрегорду жеңүү оңой эле экенин айтты.

"Албетте, мен аны менен беттешем. Буга чейин, ооба албетте Хабиб менен мушташканда ал жакшы формада болчу. Ал жогорку деңгээлдеги мушкер болгон. Бирок азыр алкоголдук ичимдик, виски өтө көп ичип калды. Аны жеңүү оңой эле", - деген Ислам Махачев.

Белгилей кетсек, Ислам Махачев кийинки беттешин 2-июнда Нью-Жерсиде өткөрөт. "UFC 302" турниринин алкагында ал америкалык Дастин Порье менен жеңил салмактагы UFC чемпиондугу үчүн беттешет.

Ал эми Конор Макгрегор дал ушул беттештен бир ай өткөндөн кийин Майкл Чендлерге каршы беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан