Ички иштер министрлиги Бишкекте абал туруктуу экенин билдирди

Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу, учурда аймактагы абал ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин жетекчилигинин толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

"Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Милиция кызматкерлери тарабынан кайгуулдар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында милициянын шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлер жана башка түзүмдөрү менен бирдикте күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти камсыз кылышат. Борбор калаанын бардык көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилди", - деп билдиришти ИИМден.

Кечээ, 17-май күнү кечинде Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө жүздөгөн адам топтолгон. Алардын чогулушуна чет элдик студенттердин жергиликтүү тургундарды сабашы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан