Ички иштер министрлиги бүгүн, 18-майга караган түнү Бишкекте болгон нааразычылык акциясы боюнча дагы бир билдирүү жасады.
Билдирүүсүндө министрлик жарандарды, өзгөчө жаштарды уруксат берилбеген акцияларга катышпоого чакырды.
"Бишкек шаарында түндө болгон соңку окуяларга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды, өзгөчө жаштарды уруксат берилбеген акцияларга катышпоого жана мыйзамсыз аракеттерди жасоонун кесепеттери жөнүндө унутпоого чакырат.
Мындай аракеттер мекемелердин, уюмдардын нормалдуу иштешин бузат. Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат. Ошондой эле Бишкек шаарынын жашоочуларынын эркин жүрүү жана башка келип чыккан укуктарын бузат.
Жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого жана жогорку жарандык жоопкерчиликти көрсөтүүгө чакырабыз. Уруксат берилбеген иш-чараларга катышкан учурда уюштуруучулар жана чагымчылар тарабынан коомдук тартипти бузууга жана кырдаалды курчутууга багытталган чагымчылдыктын жогорку коркунучу бар экенин унутпаңыздар.
Жарандардан үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдардын убакыт өткөрүүсүнө көзөмөлдү күчөтүүнү суранабыз, алар менен жоопкерчиликтүү жүрүм-турум, мыйзамдарды кынтыксыз сактоо жана уруксат берилбеген чогулуштарга, митингдерге катышууга жол бербөө жөнүндө олуттуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Укук бузууларга жана коомго жат жүрүм-турумга жол бербөө максатында Ички иштер органдары укукка каршы аракеттерге бөгөт коюуга багытталган бардык зарыл чараларды көрөт", - деп жазылды ИИМдин билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Төрт күндөн кийин, тагыраагы, кечээ, 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан.
Өз кезегинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмү мушташка катышкан чет элдик студенттер кармалганын билдирди.