Баткен жана Ош облустарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 20-майда таңкы саат 4:39да өлкө аймагында 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жер титирөө Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 балл, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ага ылайык, түнкү саат 2:44 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан