Европалык SPAR тармагы Кыргызстанда кеңейүүнү улантууда. Ата мекендик ритейлер "Умай Групп" бишкектиктер менен борбордун тургундарын дүкөндөрдүн бардык артыкчылыктарын сезүүгө чакырат.
Ыңгайлуу жайгашкан жер. Бишкектин борбордук бөлүгү болгон Филармония менен Политехтин аймактарындагы таанымал супермаркеттерге дагы бир SPAR кошулду.
Дүкөндү табуу оңой. Алыстан кыргызстандыктарга көнүмүш болгон балаты эмблемасын жана кызыл түс гаммасын көрүүгө болот. Жаңы дүкөндүн ачылышы салттуу түрдө эсте каларлык болду. Анда пайдалуу белектер менен балдар жана чоңдор үчүн сынактар, викториналар уюштурулду.
Өлкөдө иштей баштаган биринчи күндөн баштап ар бир SPAR дүкөнүнүн ачылышын коштогон дагы бир салт бар. Ачылыш күнү ар бир кардарга шоппер берилди. Тармактын төртүнчү супермаркетинин ачылышы да четте калган жок. Бул ыңгайлуу, оңой жана өлкөнүн экологиясына кам көрүүгө жардам берет. Айта кетсек, SPAR шопперлери аябай бышык. Ишениңиздер, аны көп убакытка чейин колдоно аласыздар.
Бирок SPAR башка супермаркеттерден эмнеси менен айырмаланат? Бул дүкөндөрдүн бир нече өзгөчөлүктөрү бар. Биринчиден, бул дүкөндүн так ортосунда кулинардык татымдарды бышыра турган жери бар. Албетте, муну көргөндө дүкөндө өзүңдү өзгөчө ыңгайлуу сезесиң. Сиз өзүңүздү өзүнчө гастрономиялык дүйнөдө жүргөндөй сезесиз, анда сизге сөзсүз түрдө сүйүү менен даярдалган уникалдуу тамактар жана камырдан бышырылган татымдар сунушталат.
Пиццаны жасоо процессине канча убакыт сарпталат?! Ашпозчулардын ишенимдүү кыймылдарына карап, эмне үчүн келгениңди да унутуп каласың. Сиз пиццаны ого бетер даамдуу кылган процесстин бир бөлүгү болуп калганыңызды сезесиз.
SPARдын башка дүкөндөрдөн дагы бир өзгөчөлүгү, анын эксклюзивдүү жеке энбелгиси бар азык-түлүктөр. Бул жерде европалык жана ата мекендик компаниялардын продукциялары коюлган. Бул эң чоң жетишкендик. Кыргызстанда SPAR тармагынын болушунун аркасында биздин ишкерлер дүйнөлүк рынокко чыгууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты. Бүгүнкү күндө дүкөндөрдүн тармактары дүйнө жүзү боюнча дээрлик 14 миң дүкөн менен көрсөтүлгөн. Ал эми компания SPAR бренди менен өз продукциясын көрсөтүүгө укук алган болсо, аны дүйнө жүзү боюнча башка тармактардын дүкөндөрүнө жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул жергиликтүү бизнес кеңейтилип, экспорттой алат дегенди билдирет. Ал эми "Умай Групп" башкаруучу компаниясы бул жагынан жардам берүүгө дайым даяр.
Продукциянын кынтыксыз сапаты, жеткирүүчүлөрдү тандоодо катуу мамиле, ар түрдүү ассортимент жана атаандаштыкка жөндөмдүү баалар SPAR супермаркеттер тармагынын негизги сапаттарынын бири болуп саналат.
Бул жерде алар сооданы ыңгайлуу жана пайдалуу кылуу жөнүндө кам көрүшөт. Бардык кардарларды SPAR клубуна мүчө болууга чакырабыз. Бул үчүн сиз жөн гана атайын тиркемени жүктөп алыңыз.
“SPAR клуб” – бул кардарлар үчүн арзандатуулардын жана бонустардын системасы, ал супермаркеттер тармагында сатып алууларды мүмкүн болушунча ыңгайлаштырат.
Мындан тышкары:
SPAR тармагынын Кыргызстандагы расмий өкүлү болуп ата мекендик ритейлер "Умай Групп" саналат. Компаниянын негизги милдети - эл аралык бренд менен иштөө, анын узак мөөнөттүү иштөө принциптерин сактоо жана өнөр жайга инновацияларды республикалык рынокко алып чыгуу.
SPAR жаңылыктары жана Кыргызстандагы жаңы ачылыштар үчүн кабардар болуңуз.
Албетте, жагымдуу жана пайдалуу соода үчүн SPAR супермаркеттерине кош келиңиз!
SPAR - биргеликте жакшы!