Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг фермалар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталган материалдардын алкагында майнинг фермаларды уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык жабдуу аныкталып, алынган.
"Майнинг фермалардын ээлери өлкөнүн "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп криптовалюта өндүрүшүн уюштурган", - деп айтылат маалыматта.
УКМК бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.