Ала-Арча капчыгайында бутун сындырып алган турист куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМге капчыгайдагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Орусиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук ӨКБнын 4 куткаруучусу чыгып, жабыркаган аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда чет өлкөлүк туристтин абалы канааттандырарлык.