Жалал-Абад облустук ооруканасынан УЗИ аппаратын уурдаганга шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-майда милицияга телефон чалуу болгон. Анда И.Ч. аттуу жаран ошол эле күнү саат 08:10 чамасында жумушуна келгенин, оорукананын жаш балдарды дарылоо бөлүмүндө жайгашкан УЗИ бөлмөсүнүн эшиги бузулганын жана ичиндеги УЗИ (Чайсан) аппаратынын уурдалганын айткан. Натыйжада Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаш балдарды дарылоо бөлүмү 1 миллион 661 миң 727 сом зыян тарткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалып, анын жанынан уурдалган буюмдар далил катары табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран буга чейин бир нече жолу соттолгондугу жана уурулук фактысы менен издөөдө жүргөндүгү такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.