Бишкектеги нааразылыкка себеп болгон 13-майдагы мушташка байланыштуу кармалган төрт египеттик жарандын кармалышын сот мыйзамдуу деп тапты. Алар 17-июлга чейин үй камагында болушат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.
Маалымдалгандай, 280-берененин (Бейбаштык) 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарында каралган кылмышты жасаган деп айыпталган А.М.А.А.Е.А., А.А.А.И., А.М.А.Е., С.Х.А.И.А., (Египеттин жарандары) камакка алуу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, тергөөнүн жүрүшүндө үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду.
Эске салсак, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Ага байланыштуу 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан.
Ага байланыштуу бүгүн, 20-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тополоңдо жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу экенин кабарлады. Ал эми тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылган.