Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина бүгүн, 23-декабрда жаңыланган WTAнын рейтингинде 6 баскычка артка жылды. Бул тууралуу Айымдардын Теннис Ассоциациясы (WTA) билдирет.
Маалыматка ылайык, жаңыланган рейтингде кыргызстандык теннисчи кыз карамагындагы 113 упай менен 378-орунду ээлеп турат. Эске салсак, мындан бир апта мурунку рейтингде теннисчи 372-орунда ээлеп турган.
Рейтингдин алдынкы 3 сабында америкалык Серена Уильямс, белоруссиялык Виктория Азаренко жана кытайлык На Линин ысымдары бар.