Өлкө аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-май күнү саат 11:10до жер титирөөнүн очогу Кытайда катталып, күчү 6 баллга жеткен.
Жер силкинүү Ат-Башы районунун Талды-Суу, Баш-Кайыңды, Казыбек, Жаңы-Күч айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ өлкө аймагында жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин кошумчалады.