"Кол көтөргөн, тепкен..." Бишкекте эркек адам кичинекей кызга кол көтөрдү (видео)

Интернет желесинде Бишкекте 18-майда болжол менен саат 00:00 чамасында белгисиз адамдын Турусбеков жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кызга кол көтөргөн видеосу тарады. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-майда Ленин РИИБинен тастыкташты.

Маалымдалгандай, бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Ага ылайык, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан А.Н. аттуу жарандын өздүгү такталып, тергөө кызматына алынып келинген. Ал 1985-жылы туулган кыздын атасы болуп чыкты.

Учурда экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.

test224
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан