Тажикстандан Кыргызстанга ооган тектүү баңгизатын ташып келүүчү туруктуу канал түзүп алган кылмыштуу топ жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-майда саат 20:00дө Ош шаарында мурун козголгон кылмыш иши менен атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1977-жылы туулган А.А. аттуу жаран айдап бара жаткан Тойота Ипсум автоунаасы текшерилген. Унаанын ичинде жүргүнчү катары баңги топтун экинчи мүчөсү 1973-жылы туулган А.А.Ш. аттуу жаран болгон.
Унааны текшерүү учурунда алдыңкы орундуктун алдынан кара түстөгү баштык табылып, ичинде сары скотч менен оролгон 2 даана брикет, 1 даана чет элдик тамгалар түшүрүлгөн желим баштык алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар 1 килограмм 25 грамм салмактагы героин, 1 килограмм 948 грамм салмактагы ооган тектүү гашиш болгон.
Аталган эки жаран кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.