Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун ишкерлер тарабынан каржылоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин жана мүчөлөрүн каржылоо булактарын, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган акча каражаттарын легалдаштыруу механизмдерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердигин КМШ өлкөлөрүнүн аймагында иш жүргүзгөн "Т.И." аталышындагы компаниялар тобунун жетекчилери тарабынан каржылоо жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынган.
"Аталган компаниянын негиздөөчүсү С.Р.М. Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болуп, анын уюшкан кылмыштуу тобунун кылмыштуу иштерин колдоо үчүн ай сайын системалуу түрдө 40 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын берип тургандыгы аныкталды.
Өз кезегинде Көлбаев Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн кримчөйрөсүнүн арасында өзүнүн байланыштарын пайдалануу менен бизнес-долбоорлорго колдоо көрсөткөн. Ошондой эле Орусиянын аймагында жана КМШнын башка өлкөлөрүндө С.Р.М.нын жана анын "Т.И." компаниясынын коммерциялык кызыкчылыктарын илгерилетүүгө жардамдашкан", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында 16-майда "Т.И." компаниясынын негиздөөчүсүнүн өкүлү Б.С.В. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди. Ал эми компаниянын негиздөөчүсү С.Р.М.га издөө жарыяланды.