Кадамжай районунун И.Полотхан айылында жайгашкан “Баяман баатыр” базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, ӨКМге саат 04:29 чамасында базар өрттөнгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ӨКМден 4 күжүрмөн эсеп тартылган.
Ага ылайык, 4 күжүрмөн эсепте 20 өрт өчүрүүчү-куткаруучу жумуш алып барып, саат 05:36да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 06:54 чамасында толугу менен өчүрүлдү.
Учурда өрттүн чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.