
Ошто экстремисттик уюмдун мүчөсү идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Билдиргендей, 18-майда Араван районунун 1975-жылы туулган Ю.О. аттуу тургуну, (мурда соттолгон) "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунан өз каалоосу менен баш тарткан.
Ал экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгү туура эмес экенин айтып, жарандарды аталган уюмга кошулуудан алыс болууга чакырган.
"Буга чейин Кара-Суу районунун аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында ыкчам каттоодо турган 1977-жылы туулган М.И., 1973-жылы туулган У.З., жана 1993-жылы туулган Д.А. аттуу тургундар экстремисттик уюмдардын идеологиясын колдобой тургандыгын билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.