"Хигучи, Угуев..." Бекзат Алмаз уулунун Олимпиададагы атаандаштары кимдер? (тизме)

Стамбул шаарында күрөш боюнча Олимпиадага тандап алуунун акыркы турнири аяктады.

Финалдык турнирде ар бир салмак категориясында үчтөн лицензия ойнотулуп, андан соң 2024-жылкы Олимпиада оюндарына катышуучулардын толук курамы белгилүү болду.

Эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта акыркы үч лицензияны Спенсер Ли (АКШ), Аман Аман (Индия) жана Ванхао Цзоу (Кытай)алды.

57 килограмм салмакта Олимпиадага кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу дагы катышат. Ал лицензияны Бишкекте өткөн турнирде жеңип алган.

57 килограмм салмакта Олимпиадага бара турган балбандардын тизмеси: Стеван Мичич (Cербия)
Рей Хигучи (Япония)
Зелимхан Абакаров (Албания)
Арсен Арутюнян (Армения)
Завур Угуев (AIN, Орусия)
Роман Браво Янг (Мексика)
Дариан Круз (Пуэрто-Рико)
Гамаль Мохаммед (Египет)
Диамантино Иуна Фафе (Гвинея-Бисау)
Алиаббас Рзазаде (Азербайжан)
Арьян Циутрин (AIN, Беларусь)
Бекзат Алмаз Уулу (Кыргызстан)
Гуломжон Абдуллаев (Өзбекстан)
Спенсер Ли (АКШ)
Аман Аман (Индия)
Ванхао Цзоу (Кытай).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан