Баткенде аткезчилик жол менен кирген семичке товары аныкталды

Баткенде салмагы 600 килограммдан ашуун семичке товары аткезчилик жол менен киргени аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагынан өзбек жараны М.Б.нын башкаруусундагы Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Аталган унаа транзиттик декларацияга ылайык, Өзбекстандын Сох анклавына барышы керек болгон.

Унааны текшерүүдө эч кандай жүк коштоочу документтери жок, 240 килограммды түзгөн MEGA GOLD үлгүсүндөгү семичке товары табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 73 миң 200 сом.

Мындан тышкары аталган райондо дагы бир ушул сыяктуу мыйзамсыз товар ташып келүү фактысы аныкталган.

"Н.О. аттуу жарандын башкаруусундагы HONDA CR-V үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда салмагы 378 килограмм болгон MEGA LIKE аталышындагы семичке товары табылган. Жүктүн товар коштоочу документтери болгон эмес. Кармалган товардын орточо базар баасы 115 миң 290 сом", - деп айтылат маалыматта.

Аталган кызмат чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан