Бишкекте чет элдик студенттерди жашаган жерине чейин кирип барып сабоого шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Министрлик ал студенттерди сабап гана тим болбостон, адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыганын кошумчалады.
"Алынган маалыматтар боюнча аталган факт 18-майда таңында болгон. Азиат түспөлүндөгү белгисиз төрт адам “Дордой” базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган окуя болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоо камераларынын жазууларын көргөндө кол салган төрт адам кара түстөгү Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен 18-майда таңкы саат төрттө келишкени аныкталган.
Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун тургунуна катталган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа табылган. Аталган унаанын рулунда Ысык-Көл районунун тургуну 1999-жылы туулган Азат Жекшенбеков экендиги белгилүү болуп, кармалды. Ал учурда Бишкек шаарында жашап, эмерек жасоочу цехтин кызматкери болгон", - деп билдиришти ИИМден.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, унаасы убактылуу унаа токтотуучу жайга токтотулду.
Учурда тергөө иштери улантылып, укукка каршы аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.