Бишкекте уурулук кылган адам камерага түшүп калган. Шектүү кармалды (видео)

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Ал камерага түшүп калганын, бүгүн, 21-майда Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде милицияга А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Фрунзе көчөсүндө 15 миң доллар жана документтер салынган капчыгын уурдатканын айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1970-жылы туулган Л.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

21.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан