Баткенде шахтада газ чыгып, бир адам ооруканага түштү

Баткендеги шахтадан газ чыгып, 45 жаштагы жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бүгүн, 21-май күнү саат 10:19да ӨКМге Сүлүктү шаарындагы "Райымберди" ЖЧК шахтасында газ чыгып, жабыркагандар бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине дароо 12 куткаруучу тартылып, 45 жаштагы А.Т.А аттуу кенчини куткарып, ГС-10 аппаратын кошуу менен биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө жетишкен.

"Кенчинин абалы туруктуу. Куткарылган жаран "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген соң шахтанын ичинде чалгындоо иштери жүргүзүлүп, шахтада башка кенчилер жок экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан