Чүйдө чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган пакистандыктар кармалды (фото)

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Пакистандын 6 жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-май күнү саат 03:30да шектүүлөр Васильевка чек ара заставасынын Казакстан тарабынан кармалышкан.

"Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378 жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан