Унаа мамлекеттик мекемесинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Унаа мамлекеттик мекемесинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-майда милицияга А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Ош шаарындагы унаа базарында жайгашкан Унаа мамлекеттик мекемесинин кызматкери Орусиядан алынып келинген унааны каттоого алуу үчүн 40 миң сом пара талап кылып жатканын айткан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган мекеменин Ош-2 бөлүмүнүн кызматкери А.Б. 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан